Биз менен байланышыңыз

Кочкор-Атага байкоочу камера орнотууга 4 ишкана даяр

Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 393 | 0

Кочкор-Ата шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирген компаниянын саны 4кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка ылайык, «Вип-С» жоопкерчилиги чектелген коому байкоочу камераларды 7,5 миллион сомго орнотуп берээрин билдирген. Ал эми «Связьэлектрострой» —7,567 млн сомго, «Хай-теч Эмир» — 7,3 млн сомду сунуштаса, жеке ишкер Урустам Айдаров — 7,6 миллион сомго бүтүрүүгө даяр экенин айткан.

Эске сала кетсек, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы заманбап камераларды орнотуу пландалып жатат.

Камераларды орнотууга 7 миллион 694 миң 430 сом бөлүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM