Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусу уланат

Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 482 | 0

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушат. Кыргыз-тажик өлкө башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрүн уланат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекетин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды.

Copyright © 2017 Maral FM