Биз менен байланышыңыз

Тажикстан президенти Кыргызстанга келди (сүрөт)

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 539 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланат.

Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекетин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM