Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев жаштар саясатын өнүктүрүүнүн негизги үч багытын белгиледи

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 505 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен Орусиянын жаш лидерлеринин форумунда сүйлөгөн сөзүндө жаштар саясатын өнүктүрүүнүн үч негизги багытын белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Мен жаштар саясатын өзгөртүүнүн үч башкы багытын көрүп турам. Биринчиси, жаштардын заманбап дүйнөнүн экономикалык процесстерине активдүү катышуусу. Бүгүн жаштар экономикалык өнүгүүнүн глобалдык процесстерине активдүү тартылууга тийиш. Экинчиси, жаштардын жумушсуздук маселелерин чечүү. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эң ириде, жаш жарандардын идеяларын жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү. Мындан тышкары Өкмөт жаштардын ар бир демилгесин колдойт жана башталгыч ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Үчүнчүдөн, бул, албетте, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү. Бекем үй-бүлө – күчтүү мамлекеттин өзөгү. Ошондуктан, биз үй-бүлөгө жана үй-бүлөлүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурууубуз керек», — деди өкмөт башчы.

 

Copyright © 2017 Maral FM