Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы аралыктан окутуу үчүн техникалык жабдууларды алды

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 444 | 0

Бишкекте Жапон Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин аралыктан окутуу үчүн техникалык жабдууларды өткөрүп берүү — кабыл алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык темасындагы сабактарды онлайн режимде окутуу үчүн зарыл болгон жабдуулары бар видеостудиянын бет ачары болду.

JICA’нын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Имаи Сейдзю мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан окутуу долбоору өлкөдө алгачкы жолу өткөрүлүп жатканын айтып, долбоорду уюштургандардын ишине ийгилик каалады. 

Copyright © 2017 Maral FM