Биз менен байланышыңыз

Украина: БШК добуштарды 100 % санап бүттү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 671 | 0

Украинанын БШКсы Жогорку Радага болгон шайлоодогу добуштарды 100 % санап бүтүп, жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, 43,16 % менен өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы, 13,05 % менен Юрия Бойко жетектеген «Оппозициялык платформа-Эл үчүн» партиясы, 8,18 % менен мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы, 8,10 % менен өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Европалык тилектештик» партиясы, 5,82 % добуш менен музыкант Святослав Вакарчуктун «Добуш» партиясы Жогорку Радага өтүштү.

Калган партиялар Жогорку Радага өтүү үчүн коюлган беш пайыздык босогодон өтө алган жок.

Расмий түрдө жалпы жыйынтык 5-августка чейин жарыяланышы керек.

Эске салсак, 20-майда Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратып, кезексиз шайлоону 21-июлга белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM