Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жээнбеков иш сапары менен Тажикстанга барат

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 495 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында өтөт. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Президенттер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM