Биз менен байланышыңыз

Түптөгү түтүктөн чыккан сууну мал да ичпей жатат (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 864 | 0

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы таза суу түтүгүнөн чыла даамданган сары суу агууда. Бул сууну мал да ичпей жатканын айыл башчы Таалай Жийдебаев билдирди.

Анын айтымында, 1978-жылы курулган скважинанын эскилиги жетип, жаӊы суу түтүккө алмаштыруу маселеси жаралган.

2012-жылы «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 4 миллион 490 миӊ сом бөлүнүп, курулушун «Арт Мегастрой» компаниясы жүргүзгөн. Жаңыртуу иштери толук бүтпөй, 2015-жылдан тартып суу чыкпай калган.

Натыйжада, калк кайрадан эски скважинадан чыккан сууну колдонууга мажбур болууда.

«Таза суу чыгарууга аракет кылып келатканыбызга 7 жылдын жүзү болду. Сапатсыз курган курулуш компаниянын кепилдиги менен суу түтүктөрдү текшерүүдөн толук өткөрүп алган эмеспиз. Жаӊы курулуш 2 жылга да жеткен жок. Сууну сордуруп чыгарган 20 тонналык бачок тешилип, суу ага баштады», — деди айыл башчы.

Мындан сырткары, ал жаӊы салынган түтүккө бир да кудук камтылбай калганын, учурда суу аябай чыла даамданып, ылай агып, айыл эли чыпкалап алып, кайнатып ичүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM