Биз менен байланышыңыз

Түптө Садыр Жапаровду колдогон митинг уланды

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 523 | 0

Бүгүн Ысык-Көлдүн Түп районунун борборунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков кабарлады. Катышуучулар экс-депутатты бошотууну сунуштады.

Садыр Жапаровду колдогон митинг буга чейин облустун Тоң районунда өткөн.

Түптөгү бүгүн өткөн митинг Садыр Жапаровду колдоо штабы тарабынан уюшулду. Көп киши келди. Акция облустун бардык район-шаарларында өтөт. Аягында февраль айында Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен Бишкекте жыйынтыктоочу масштабдуу акция өткөрөбүз, — деди Аспеков.

Эске сала кетсек, сот Садыр Жапаровду 2013-жылы Каракол шаарында митингди уюштурууга катышканы үчүн 11 жыл жана 6 айга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө өкүмүн чыгарган.

Экс-депутат  “Барымтага алуу” беренеси боюнча айыпталган.

Copyright © 2017 Maral FM