Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таза суунун баасы кымбаттайт

Коом | 28 Окт 2019 | 1357 | 0

Бишкекте муздак суунун тарифи 15-ноябрдан тарта жогорулайт. Шаар тургандарына 8 сом 10 тыйын болсо, ал эми мамлекеттик мекемелерге 9 сом 10 тыйын деп бекитилген. Ошондой эле, санитардык агындылар үчүн да баалар көтөрүлдү. «Бишкек суу канал» ишканасы суу түтүкчөлөрүн реконструкциялоого каражат жетпегендиктен, былтыр 89 млн. сомго чыгым болгонун мекеме жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев айтып берди.

Ушул себептүү «Бишкек суу каналы» мекемеси муздак суунун тарифин жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңешине кайрылган. Ал эми аталган кеңеш 24-октябрда «Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана суу агындыларынын баасын бекитүү тууралуу» токтомду кабыл алды.

Буга чейин шаар тургундары муздак сууга 5 сом 30 тыйын төлөп келишсе, эми 15-ноябрдан тарта тариф 8 сом 10 тыйынга, ал эми мамлекеттик мекемелер үчүн 9 сом 10 тыйынга жогоруламай болду.

Белгилей кетсек, «Бишкек суу канал» ишканасы 2017-жылы 94 миллион сомго, ал эми былтыр 89 миллион сомго чыгым тарткан.

«Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев бюджеттен акча бөлүнбөгөнүн айтып, оңдоо иштерине каражат жетпегендиктен улам тарифтик баалар көтөрүлгөнүн айтты.

-Буга чейинки 5 сом 30 тыйындык тариф суунун накта баасынан төмөн болуп калган. Реконструкция иштерине да көңүл бурулбай калды. Мисалы, былтыр 89 млн. сомго чыгым тартканбыз. Ошол себептен суунун баасын көтөрүүнү Бишкек шаардык кеңешине сунуштадык.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов суу түтүкчөлөрүнүн абалы начар болгондуктан жана суу коопсуздугун камсыздоо максатында суунун тарифи өскөнүн билдирди. Ошондой эле сууну тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана кызматкерлердин маянасын көтөрүү керектигин да кошумчалады.

-Бул маселе 5 жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок элдин нааразычылыгынан улам суунун тарифи жогорулабай келген. Бирок суу түтүкчөлөрдүн азыркы абалы начар. Коопсуздукту алдын алуу жана түтүкчөлөрдү жаңылоо үчүн баалар көтөрүлүп жатат.   

Жарандык активист Калича Умуралиева суунун наркы киши башына эсептелгендиктен суу кымбат болуп жатканын айтып, эсептегич коюу керек деген оюн билдирди.

-Оңдоп түзөө иштерине каражат жетпейт. Ошондуктан суунун тарифин көтөрүү туура деп ойлойм, бирок ар бир адамга эсептелгени үчүн кымбат болуп жатат. Үйлөргө атайын эсептегич коюлуш керек. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин  токтомуна ылайык, санитардык агындылар үчүн төмөнкү баалар бекитилди: шаар тургундары үчүн 2 сом 30 тыйын,  бюджеттик мекемелерге 3 сом, өндүрүш жана коммерциялык мекемелер үчүн 6 сом болуп жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM