Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Депутаттын сыры, айыл өкмөттүн чыры

Коом | 17 Июл 2019 | 791 | 0

Ысык-Көл облусундагы 61 айыл аймактын аткаруу жана башкаруу бийлигинин курамында аз гана аялдар бар. Анын ичинен Түп районунун Арал айыл аймагындагы Жергиликтүү Кеңештин төрайымы Насипгүл Амасбаева ишке киришкенден тарта, «Жергиликтүү бийлик жеӊ ичинен ичип-жеген», — деген маалыматты айтып, мыйзам чегинде иш алып барылусун талап кылууда.

Мен Жергиликтүү Кеӊештин депутаттыгына эки жолу талапкер болуп, экинчисинде элдин 100 пайыз колдоосу менен өтүп кеттим. Кызматка келгенден тарта жергиликтүү бюджетти кайда, кантип жумшоо керектигин үйрөндүм. Тилекке каршы, менин иштеримди Арал айыл аймагынын башчысы жактырбай, «Мен бул аял менен иштешпейм», — деген пикирин билдирүүдө. Мен аял болуп жаралып калганым үчүн күнөөлүү эмесмин да. Мыйзамда аял-эркек дебей, баарыбызга бирдей укук берилген.

Амасбаеванын айтымында, элеттеги Советтер Союзунан калган бала бакча 15 сотых жери менен кошо мыйзамсыз сатылып кеткен. Ага 19 жылдан бери айыл аймактын башчысы кызматын аркалап келе жаткан Бактыбек Мамытовду күнөөлөйт. Мындан тышкары, «Ушул убакка чейин буга окшогон бир канча мыйзамсыз иштерди жасаган», — дейт ал.

— Ушул күнгө чейин райондук прокуратура тарабынан каттоого алынса да, эч кандай кылмыш иши ачылбай келүүдө. Анткени, Арал айыл аймагындагы Советтер Союзунан калган бала бакча жана жери түп-орду менен сатылып кеткен. Андан сырткары, Долон, Кош-Дөбө айылында сугат суу жок, альтернативдүү жол менен суу берилчү экен. Андагы электронасоско «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунан 4,5 миллион сом бөлүнгөнүн кечээ жакында эле билдик. Бүгүнкү күндө бул маселени жогорку бийликке да билдирүүдөбүз, бирок азырынча так жыйынтык чыкпай жатат.

Курамына беш айыл кирген Арал айыл аймагында 6 миңге чукул калк жашайт. Бирок эмгиче бала бакча жок. Андыктан, Жергиликтүү Кеңештин башка депутаттары да айыл аймагынын башчысынын буга чейинки иштерине канааттанбай турганын билдиришүүдө. Депутаттардын бири Бакыт Асанов элетте өнүгүү жок экенин айтып, Бактыбек Мамытовдун мыйзамсыз иштерин санап берди.

— Бала бакчанын имаратына кошумча китепкананын жери да мыйзамсыз сатылган. Сугат суу үчүн электронасос дагы деле ишке кире элек. Андан тышкары, айыл аймактын эсебинде турган 10 гектар алма бакты да мыйзамсыз 49 жылга ижарага берип салган. Биздин максат жана кызматыбыз эл үчүн бардыгы ачык-айкын болуусу керек. Менин да шайлоочуларым «жаӊылануу алып келгиле» деп талап кылышат. Тилекке каршы, айыл аймактын башчысы менен талаш-тартыштын үстүндөбүз.

Мындан улам, Жергиликтүү Кеңештин депутаттары айыл аймактын башчысынын кызмат абалын кароону көтөрүшкөн. Бирок бир нече сессия өткөнү менен депутаттар эки жаат болуп, чечим чыга элек. Себеби, башчыны колдогон депутаттар да бар. Мындан улам, Арал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Мамытовго кайрылып, келтирилген доомат боюнча пикирин сурадык.

— Депутат болуп шайлангандан кийин эл адамы болуш керек эле. Айыл аймагыбыз өнүкпөй жатат дегенге кошулбайм. Мына, 2017-жылы Кош-Дөбө, Долон, Сары-Дөбө айылына бир жылда эки типтүү мектеп, спорт зал ачтык. Мындай аракет керек болсо, райондун башка айылдарында да жасала элек. Маселен, бала бакчаны мени сатты деген жүйө келтирип жатат. Ал кезде мен айыл өкмөтү болуп иштеген эмесмин. 1997-жылдары колхоз-совхоз тарап, агрардык реформа борбору аркылуу сатылып кеткен жерди да менден көрүп жатышат. Бул жакта 2-3 депутаттын кызыкчылыгы менин ишмердүүлүгүмө бут тосууда.

Эки жаатка бөлүнгөн депутаттар менен айыл аймактын башчысынын пикир келишпестиги тууралуу район акими Элчибек Жантаев да кабар алган. Ал алдыда Жергиликтүү Кеңештин кезектеги сессиясы өтөрүн, анда маселеге биротоло чекит коюларын айтты.

— Азыр айыл аймактын башчысын 6 депутат колдосо, 5и кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Бирок ошол эле 6 эл өкүлү Жергиликтүү Кеӊеш тарап, кайра шайлоо болуусун айтып чыкса, берки 5 депутат ага добуш бербей, кворум толбой жатат. Жакынкы арада өтүүчү кезектеги сессияга өзүм катышууга аракет кылам, маселени жеринен чечпесе болбой калды.

Ал эми облустагы Коомдук Кеӊешменин өкүлдөрү аткаруу жана башкаруу бийлигинин чыры, талаш-тартышы эмнеде экенин жакшы түшүнүшөт. Кеӊешменин төрайымы Фатима Дагаева Жергиликтүү Кеӊештин төрайымы баштаган 4 депутат көтөрүп жаткан маселе чындыкка дал келеринен күмөн санабайт. Себеби, мамлекеттик мүлк кайтарылышы керек.

— Мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу менин да башыман өткөн. Каракол шаарындагы Пристань Пржевальский шаарчасындагы заводдун менчиктештирилип кеткен турак жайлары боюнча 3-4 жыл соттошуп, кийин Жогорку Сот аркылуу кайтарып алдык. Анын сыңарындай, Арал айылында болуп жаткан окуяны колдойм. Ошол эле бала бакчаны, мыйзамсыз берилген жерлерди кайтарып алуу демилгесин 5 депутат туура көтөрдү. Алар эл үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн баш сайган — чыныгы иштерман адамдар.

Ал эми аял-эркек гендердик теӊ укуктуулукка ээ экенин серепчи Бакен Досалиева билдирип, «Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аял киши чечим чыгарабы, же сап башында эркек киши турабы, баарына бирдей укук берилген», — дейт.

— Аял киши депутаттыкка керек деген сунуш кээ бир эркек депутаттарга жагат, кээ бирине жакпай калышы мүмкүн. Жогорку саясаттагы түзүлүп калган мамиле — бюджетке кол салуу. Атап айтсак, айыл аймагынын башчысын тандоо, бюджетти бөлүштүрүү, бекитүү Жергиликтүү Кеңештин колунда. Мени өкүндүргөнү, азыркы тапта Жергиликтүү Кеңеш билимсиз жаштар менен толукталып жатат. Эгерде аял киши бийликке келсе, айыл аймак башчысы аны басмырлабай, көз карашы, мамлекеттик иш боюнча пикири бир болушу зарыл.

Учурда айыл аймактын башчысынын канчалык негизде коррупциялык иштерге тиешелүү экенин көзөмөл органдары карап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM