Көгүлтүр экран аркылуу элдин жакшылыктарын тең бөлүшүп, аруу тилектерин арнап келаткан белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытов менен болгон маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.
— Саламатсызбы агай, кош келиңиз?
— Саламатчылык, кушубак болсун!
— Эфирди сиздин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Алмалуу айылында өткөн балалыгыңыз тууралуу баштасак?
— 1950-жылы Алмалуу айылында төрөлүп өстүм, андан бери мына 70 жыл өтүптүр. Айылым жөнүндө ырларым да бар. Ал эми балалык деген өмүрдөгү эң таттуу, жакшы жана бактылуу учур болот экен. Бала кезде эч кандай кайгы- капа дегенди билбейсиң. Анткени, ата-эне, бир туугандарың жаныңда. Айылдын баардык элдери сага тууган жана ата- эне дагы. Теңтуштар менен ойноп-күлүп жүрүп, таттуу балалык бат эле өтүп кетет экен. Кийин бой жетип, окуп, иштеп, азыр эл көргөндү көрүп жашап келатабыз.
— Чоң бир келечекке багыт алган жолуңуз кайсыл жылдарга таандык?
— Мен окуу жайга өткөн жылдан башталды. Жогорку окуу жайга 1971-жылы өткөнмүн. Ал кезде мындай окууга өтүү абдан кыйын болчу. Төрт жыл катары менен өтпөй калгамын. Бирок тырышчаактык мүнөзүм менен кийин өттүм. Анткени, окуйм деген сезим менде жашачу. Окуу жайга өткөнчө бир топ кара жумуштарда да иштеп жүрдүм. Бирок бул убактылуу жумуш деп өзүмдү жоошутуп койчумун. Кийин радио- телеге конкурс жарыяланып, катышып калдым. Ал кезде талаптар абдан кыйын болчу, азыркы кездей эмес, бүгүн өтсөң, эртең эфирге чыкчу эмессиң. Айлап-жылдап, көп сыноолордон өтүп олтуруп, андан кийин буйрук чыгып, иштеп калдым(күлүп). Ошол жылдары 3-курстун студенти болчумун. Турмуш деген чоң жолго дагы аттанып, бир жагынан карьераны дагы калтырбай тең алып кеттим.
— Атайын диктор болом деп ушул кесипти изилдеп окудуңуз беле?
— Мен бала кезден ушул дикторлук кесипке жакын болчумун. 14-15 жашымда сыналгыдан чыккан алып баруучу, дикторлорду көрүп, аябай суктанчумун. Үналгыдан дагы адабий уктурууларды көп угуп жүрдүм. Бирок өзүм ушулардай диктор болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ал турсун «Журналистика» тармагына барам деген көксөө дагы жок болчу. Менин каалаганым, 7-класстан баштап, ыр жазып баштагам. Келечекте акын же жазуучу болом деп ойлочумун.
— Эмне үчүн акын же жазуучу болом деген тилегиңизди орундаткан жоксуз?
— Ал Жараткандан берилген талант же шык десем болот. Жаштайымдан күн сайын олтуруп алып, кагаз бетине чиймелеп жүрдүм. Эч жакка жарабаса деле өзүм кээде окуп алып кубанам, өкүнөм. Кийинчерээк үйлөнүп, бала-бакыралуу болуп, иштеп, бул талантыма көп көңүл бурулбай калды. Бир жагы жалкоолук дагы болду. Кийинчерээк, 60 жашка чыкканда, жазган ырларымды топтоп, «Очоктогу от» деген аталыштагы ырлар жыйнагымды чыгардым.
— Азыр ыр жазасызбы?
— Ыр жыйнагым чыккандан кийин, тааныштар мактап калганда, жазып жүрдүм. Бирок эмнегедир кашаңдык кылып койдумбу, кээде гана илхом келгенде чиймелеп коем.
— Жашоодо эң бир чоң дос күтүптүрсүз — ал китеп экен. Окуган китебиңиздин саны канчага жетти? Көбүнесе кандай китептерди окуйсуз?
— Жаш кезде көп эле окугам, бирок окулган китептин санын так билбейм, санабаптырмын. Кийинчерээк көр турмуш десем болчудайбы, же жалкоолукпу, китеп окуганым калып баратат. Ал эми бала кезде айылдагы китепкананы «Кызыл үй» деп койчубуз. Бир китепти бир канча жолу кайталап окуй берчүбүз. Анткени, китеп жокко эсе болчу. Дүкөндөргө сатыкка коюлган китептерди алып окучумун. Эң алгач жомок жана «Манас» эпосунан окуп баштагам кызыгып. Ал кезде үйдө жарык жок болгондуктан, чырактын жарыгына олтуруп алып уйку бетин көрбөй окуган кездер болгон. Ата-энем: «Сен түндө уктап калып, колуң менен чыракты түртүп, үйдү өрттөп саласың го»–деп урушуп калышчу (күлүп).
— Китептен кандай азык аласыз өзүңүзгө?
— Китеп — бул адамдын эң башкы тарбиячысы. Сөз байлыгыңды өстүрүп, жашоого чоң түрткү берет. Мен өзү негизи 4 мектепте окудум. Биздин айылда башталгыч эле мектеп бар болчу. Анан 3 -4 чакырым алыстыкта орустардын айылында 8 жылдык мектеп бар эле. Ал жерде окудум. 9-классты Кой- Таштагы Таш- Мойнок деген жерден окуп бүттүм. Андан соң 10-классты Чүйдөгү Кеңеш айылындагы мектепте 1967- жылы аяктадым.
— Телерадио жагында эмгектенгениңизге жарым кылымдай болуп калыптыр? Негизи, эл алдына чыгуу оорбу?
— Аябагандай оор. Ыраматылык кесиптешим Бөкөнбай Бооркеев айтып калаар эле: «Дикторлордун эфирге чыкканы космоско учкан менен барабар болот. Алар ошончолук толкунданып стресс болушат», – деп. Билбейм, башкалар үчүн анчалык болбосо керек, кайра эргүү алышаар. Бирок менин ар бир эфирге чыгуум чоң толкундануу менен башталчу.
— Белгилүү диктор болууда сизге жана кесибиңизге каршы чыккан бут тосуулар болду беле?
— Ооба, болгон. Мен андайларга теригип, чычалап, чабышып же териштиргим келчү эмес, тескерисинче унутуп койгонго аракет кылчумун. Учурунда жумуштан кетиргенге аракет кылгандар дагы болгон(күлүп). Бир калыпта келе жатканыма шүгүр кылам. Башкалардай болуп, кызматка кызыгып, өсүп-өйдөлөп кеткен жокмун. Анткени, бул жумушум өзүмө ылайыктай сезилчү. Жогорку кызматка чакыруулар дагы болду. Бирок саясатка жана бийликке дагы кызыккан жокмун.
— 3-курста окуп жатып, бир жагынан иштеп, анан дагы үй-бүлө куруптурсуз? Студент үчүн ошол кезде оор болгон жокпу?
— Негизи жаштык кез, көп нерсени көтөрө турган учур. Өмүрдөгү ушундай баалуу, барктуу күчтүү курак. Канчалык кыйынчылык болобу, же жакшылык болобу, жубайым экөөбүз тең бирдей мамиле кылып, бири- бирибизди толуктап турчубуз. Окуубуз жана тандаган кесип дагы бир болду. Жаратканга шүгүр, ушинтип келатканыбызга мына 50 жыл болуп баратат. 5 балалуу болдук, азыр 11 небере жана 3 чөбөрөбүз бар.
— Дикторлуктан сырткары дагы кайсыл тармакта эмгектендиниз?
— Жаш кезекте ар бир китепти окуганда эле ошол жактагы башкы каармандардын образын алып, мен дагы ушундай болсом деп көп таасирленчүмүн. Агроном болсом деген дагы кыялым болду. Бирок бардык нерсе, өзүңдүн шыгыңа жана тагдырыңа жараша болот экен.