Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ачык өлкө катары өнүгүп жатабыз

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 636 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышты. Анда Дүйнөлүк Банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору боюнча маалымат алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барды, ошондой эле Түп айылындагы спорт комплекстин курулуш иштери менен таанышты.

Түп районунун тургундары менен жолугушуусунда Мамлекет башчысы сот-укуктук реформа, тышкы саясаттагы аткарылып жаткан иштер, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү ж.б. улуттук долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында берген убадаларынын аткарылышына да кеңири токтолду. Алар: калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү, мугалимдердин жана дарыгерлердин социалдык абалдарын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөш ж.б. маселелер.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, мамлекет башчы Кыргызстан ачык өлкө катары өнүгүп жатканын белгиледи.

«Биз ачык баарлашуудан улам өнүгөбүз. Бетме-бет отуруп, баарын ачык сүйлөшсөк, терс көрүнүштөр азайып, жакшы нерселер жеңе баштайт. Коом, мамлекет өнүксүн, демократия болсун деген максатта сөз эркиндигин коргоп жатабыз. Сот-укуктук реформа ишке киришсе, бардыгы жолго түшөт. Биздин максатыбыз: өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуу», — деди президент.

Эл менен жолугушуу бүткөн соң, президент райондун аксакалы Абдыкалык Эгембердиев менен өзүнчө баарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары эртең, 17-майда, Балыкчы шаарында уланат.

Copyright © 2017 Maral FM