Биз менен байланышыңыз

Каркыра чек ара бекети убактылуу ачылды

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 748 | 0

Ысык-Көл облусунда жайкы туризмге карата «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-майдан тарта иштеп баштады. Анда кыргыз-казак чек ара кызматкерлери күндүзгү 8:00дөн кечки 18:00гө чейин 6 ай иш алып барат.

Ѳкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, «Каркыра — Автожол» өткөрмө бекети жөө адамдарга жана жеӊил автоунаа ээлерине гана уруксат берет.

«Ал эми бекеттин кышкысын жабылып калуу себеби: кар калың түшкөндөн улам, унаа менен өтүүгө мүмкүн эмес», — деп түшүндүрөт чек ара кызматы.

Айта кетсек, аталган көзөмөл-өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM