Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 615 | 0

2019-2023-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Документ бажы процесстерин автоматташтыруу, бажы операцияларын тездетүү, жөнөкөйлөтүү үчүн бажы органдары чечим кабыл алууда тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу сыяктуу бажы кызматын өнүктүрүүнүн негизги шарттарын жана артыкчылыктарын аныктайт.

2019-2023-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы төмөнкү жыйынтыктарга жетүүнү болжолдойт:

  1. Бажы процесстерин максималдуу автоматташтыруу жана кагазсыз декларациялоого өтүү аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү процесстерин тездетүү;
  2. Тышкы экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун негизинде бажылык администрациялоонун натыйжалуу системасын өнүктүрүү;
  3. Улуттук экономикалык коопсуздукту жана өлкөнүн кызыкчылыктарын камсыздаган негизги багыттарда мамлекеттин толук катышуу кепилдиги менен бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн кыйла натыйжалуу формаларын ишке ашыруу;
  4. Бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча чараларды уюштуруу;

Коюлган милдеттерди аткаруу стратегиянын максаты: бажы төлөмдөрүн натыйжалуу башкаруу, бажы операцияларынын ачыктыгы үчүн туруктуу жана таасирдүү иш жүргүзүүгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM