Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 427 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Эл аралык финансы корпорациясынын жетекчиси Мартин Негеле менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Замирбек Аскаров Эл аралык финансы корпорациясы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу, орто жана чакан бизнести каржылоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча кошкон чоң салымын жана көмөгүн белгилеп өттү.

Аскаров премьер-министрдин атынан ыраазычылык билдирип, кесиптик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан  Эл аралык финансы корпорациясына кошулган 1993-жылдан бери корпорациянын жеке фондунан банктык, микрофинансылык, тоо-кен, айыл чарба жана целлюлоза-кагаз чөйрөсүндөгү 36 долбоорду каржылоого 117,7 млн доллары бөлүнгөн. Мартин Негеле Кыргызстандагы Эл аралык финансы корпорациясын 2014-жылдан бери жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM