Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Эгемен өлкө катары ички маселебизди өзүбүз чечишибиз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июл 2019 | 641 | 0

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу саясий кырдаалга сөзсүз таасирин тийгизет. Анткени, Кыргызстандын саясий чөйрөсү дайыма Орусиянын пикирине көз каранды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде Орусия кайсы бир тарапка ишарат кылып, кайсы бир тарапты колдоорун билдирсе, анда керек болсо, кылмыш иштери же ар кандай куугунтуктар да токтошу мүмкүн.

«Чынын айтканда, Орусия тарап ачык кирише баштады. Негизи биз эгемен өлкө катары оппозиция, позиция болобу, ички саясатыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Бул — абдан уят иш. Эң таң калыштуусу, жарандык коом, эл: «Эгемендүүлүккө шек келди, эмне үчүн барат?» — деп талкуулап жатканда, биздин саясий чөйрө: «Алар эмне болуптур?» — деп, Путинге барган адамдарга суктанып карап жатышат. Чет элдик лидерлерге баргандары өзүн сыймыктануу менен алып жүрөт, бара албай калгандары: «Бизге да көңүл бурар бекен?» — деп, колдоо күтөт. Азырынча көз карандылык маселесинде биздин саясатчылардан абдан чоң ката кетип жатат. Ушунун баарын өзүбүз чечсек болмок. Ошондуктан, кечээки жолугушуу саясий акыбалга сөзсүз таасир этет», — дейт Акаев.

Мындан тышкары, «Ким эмне деп койду?» — деген эски түшүнүктөн арылууга мезгил келип жеткенин айтты. Ошондой эле, Путин айтабы, Трамп айтабы, Назарбаев айтабы, айтор ким эмне десе да, кылмыш кылган адам кыргыз мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM