Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Бул жерде эч ким жеңген жок, бир гана Путин утту

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июл 2019 | 914 | 0

Учурдагы саясий абал эки бала оюндан уруша кетип, экөө тең ата-энесине чуркагандай эле болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, саясат тармагында дагы да чоң оюндар эми башталды.

«Бир чети — абдан өкүнүчтүү, экинчи чети, абалыбыздын татаалдашып кеткенинен кабар берет. Атамбаевдин абалы бүгүнкү күндө баарына түшүнүктүү болуп калды. Биринчи кезекте геосаясаттын чоң оюндары башталды. Эмне үчүн Путин мурдагы президентке атайын борт жөнөтүп, дүркүрөтүп тосуп албаса да, таасирдүү адамдары күтүп алды. Ошону карап көрө турган болсок, абдан чоң оюндар эми башталды», — дейт Осмоналиев.

Мындан тышкары, бул оюндун жеңүүчүсү болбосун, жеңилүүчүсү гана болорун, бул жерде Атамбаев да, Жээнбеков да эмес, Путин жеңгенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM