Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин Москвага сапары тууралуу серепчилердин пикири

Саясат | 24 Июл 2019 | 656 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москва шаарына учуп кетти. Анын бул сапардагы максаты жана кайра келеби деген суроолор менен саясат талдоочу Марат Казакпаевге кайрылдык. Анын пикиринде, Атамбаев жеке коопсуздугунан чочугандыктан, «Манас» эл аралык аэропортунан кеткен жок.

— «Манастан» учсам кармап кетет» деп коркту. Москвада чоң эле жолугушуу болот окшойт. Атамбаев убагында Орусияга бир топ эле жакшылыктарды жасап кетпедиби. Ал жактагылар кал деп айтышы мүмкүн, бирок өзү кайра келем деп кетти, демек, келет», — деди Казакпаев.

Атамбаевдин учурдагы жагдайы жакшы эмес. Муну сезген достору аны Кыргызстандан чыгарып кетүү аракеттерин кылганын айтат саясат талдоочу Табылды Акеров.

— Муну Атамбаевдин достору уюштурду. Алар Атамбаевдин бийлиги учурунда Кыргызстан менен тыгыз байланышта болуп, бизнестерин жасап көп кызыкчылыктар орун алган. Атамбаев жаман абалда калып калганын жана анын Кыргызстанда болушу өтө татаалдаганын алар азыр сезип жатышат. Ошондуктан, Атамбаевди чыгарып кетүү аракетин кылышууда.

Ал эми саясий серепчи Орозбек Молдалиев Атамбаевди кайра келет деген пикирде. Анткени, анын мындан башка жакшы варианты жок.

— Атамбаев Моквага барып, «Эми мыйзамдын жолу менен иштегенге аракет кыл», — деген сөздү угуп кайра келет болуш керек. Алар деле: «Баш ийбе, өз билгениңди кыл», — деп айтпайт да. Орусияда Акаев, Беларусияда Бакиев бар. Атамбаев кайсы мамлекетке барат деген маселе жаралат. Түркияга баралбайт, Казакстан такыр эле батырбайт. Ошондуктан, Атамбаев үчүн кайра келгенден башка жакшы жол жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Путин менен жолукпайт. Аны менен жолукса, «Москва Кыргызстандын ишине кийлигишип жатат» деген нааразычылыктар чыгып, орус бийлиги бул жактагы позициясын жоготуп алышы ыктымал. Мындай пикирин саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев көп болсо Бельяниновдор менен жолугат. Ошондой эле, Атамбаевдин Москвага учуп кетиши Орусия президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун келишими болушу мүмкүн деп эсептейт.

— Атамбаев бир күндөн кийин учуп келем деп жатпайбы, келе албайт го?.. Москва Атамбаевди калтырганга аракет кылат. Жээнбеков Швейцариядан келе жатканда Атамбаевди токтотуу тууралуу сөз болгон болушу мүмкүн. Бирок Путин деле Жээнбековго шарттарды койду да. Жээнбеков шарттарды аткарса, Атамбаев Орусияда калышы ыктымал. Швейцариядан келе жатканда экөө ошондой сүйлөшүүлөргө келишкен. Себеби, Жээнбеков азыркы бийликте президент да. Жээнбеков Кытай менен да мамилеси жакшы, Швейцарияга да бекеринен барган жок. Ошол үчүн Москва Жээнбековду жоготуп албайлы деп ойлойт. Андыктан, Москва деле Атамбаевди толук колдогондон чочулайт, тескерисинче, токтотконго аракет кылат.

Кошумчалай кетсек, Атамбаевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсү боюнча орусиялык серепчи, борбор азия таануучу Аркадий Дубнов да өз пикирин билдирип, Атамбаевди Орусияда Путин өзү кабыл алышы мүмкүн деген ойду жазган. Ал эми Атамбаев жана анын командасы Москвада бийик даражалуу жолугушуу болорун айтышкан. Бирок ким менен экенин ачыктаган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM