Биз менен байланышыңыз

Табылды Акеров: Атамбаевдин кайра кайтып келиши кыйын

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 742 | 0

Атамбаевдин учурдагы жагдайы жакшы эмес. Муну сезген достору аны Кыргызстандан чыгарып кетүү аракеттерин кылышууда. Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров «Марал» радиосуна билдирди.

— Муну Атамбаевдин достору уюштурду. Алар Атамбаевдин бийлиги учурунда Кыргызстан менен тыгыз байланышта болуп, бизнестерин жасап көп кызыкчылыктар орун алган. Атамбаев жаман абалда калып калганын жана анын Кыргызстанда болушу өтө татаалдаганын алар азыр сезип жатышат. Ошондуктан, Атамбаевди чыгарып кетүү аракетин кылышууда.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун пикиринде, эгер ачылып жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө жүрсө, ага дагы башка жагдайлар кошулуп кетип, Атамбаевдин айланасындагылары менен кылган иштеринин баары ачыкка чыгып кетиши мүмкүн.  Ошондуктан, Атамбаевди бул жактан чыгарып кетип, Орусия лидери Владимир Путин менен же башка чоң кызматтагы адамдар менен жолуктурууга аракет кылышат.

Саясат талдоочу ошондой эле, Атамбаевдин өлкөгө кайра кайтып келиши кыйын экенин белгилейт. Мындай пикирге келишин Кант авибазасы аркылуу чыгып жаткандыктан, өлкөгө кайра кириши оңойго турбасы менен түшүндүрөт.

— Менимче, кайра кайтып келе албайт. Себеби, достору алып чыкты. Азыр жеке учак менен Кант авиабазасы аркылуу чыгып жатат. Мындай учактарды авиабаза кайра-кайра эле кондура бербейт. Балким Кыргызстандан чыгарып кетүү үчүн эле ушул авиабаза колдонулду. Бакиевди чыгарып кетүү учурунда Жала-Абаддан алып барып, кайра Таразга конуп, ушундай окуялар болгон. Казакстан эми мындайга мүмкүнчүлүк бербей коюшу мүмкүн. Себеби, Атамбаев менен Назарбаевдин мамилеси аябай начар. Токаев да Атамбаев жөнүндө сын-пикирлерин ачык жазган.

Саясат талдоочу вариант катары бир гана өлкө бул Өзбекстан болушу мүмкүндүгүн айтат. Бирок Өзбекстан да Кыргызстан менен мамилесин бузгусу келбейт деген пикирде.

— Кетер алдында  Атамбаев Текебаев, Бабанов тууралуу жакшы пикирлерин айтып кетти. Муну менен ал өзүнө каршы аракет жасашы мүмкүн болгон адамдарга жакшы мамиле кылып жатат. Мындан улам Атамбаевдин абалы өтө начар экенин айтсак болот. Орусияга барып өзүнүн позициясын тактаганга аракет кылып жаткандай сезилет. Эгерде Орусиядан ал күткөндөй аракеттер болбосо, Атамбаевдин ресурсу түгөнөт.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев бүгүн Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM