Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 687 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчылары бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Мамлекеттер башчылары ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM