Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Рахмон ушул жуманын аягында Ворухта жолугушат

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 1362 | 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул жуманын аягында Исфара жана Ворухта жолугушат. Бул тууралуу «Азия-Плюс» маалымат булагы жазды.

Исфара шаарында өтө турчу жолугушууда эки тараптуу жагдайлар талкууланып, кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитация жана демаркация маселеси каралмакчы. Ал эми Ворухтагы жолугушууга аталган аймактагы жарандык коомдун активисттери да катышары күтүлүүдө.

Маалыматтарга ылайык, учурда Согди облусунун жетекчилери жана Тажикстандын премьер-министри Азим Иброхим эки тараптуу жолугушууну уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM