Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Москвага узатууга даярданууда

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 908 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвага учуп кетет.

Ушу тапта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары чогулуп, узатуу иш-чарасын уюштуруп жатышат.

Кечээ Атамбаев маалымат каражаттарына маек берип, бүгүн 24-июлда түшкө чейин учуп кетерин, узатууну каалагандар саат 9дан баштап, Кой-Таштагы үйүнө келүүсүн айткан.

Ошондой эле, ал Москвага учарын, бирок ким менен жолугуп, эмне маселе боюнча сүйлөшөрүн ачыктаган эмес.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыраткан.

Мурдагы президент Атамбаев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары 3 жолу суракка чакырылып, бирок тергөөгө келген эмес.

Copyright © 2017 Maral FM