Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвага учуп кетет.
Ушу тапта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары чогулуп, узатуу иш-чарасын уюштуруп жатышат.
Кечээ Атамбаев маалымат каражаттарына маек берип, бүгүн 24-июлда түшкө чейин учуп кетерин, узатууну каалагандар саат 9дан баштап, Кой-Таштагы үйүнө келүүсүн айткан.
Ошондой эле, ал Москвага учарын, бирок ким менен жолугуп, эмне маселе боюнча сүйлөшөрүн ачыктаган эмес.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыраткан.
Мурдагы президент Атамбаев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары 3 жолу суракка чакырылып, бирок тергөөгө келген эмес.