Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун 8 кызматкери тамакка ууланды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 536 | 0

«Манас» аэропортунун кызматкерлери тамакка ууланышты. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

19-июлдан 21-июлга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 10 кызматкер кайрылган. Алар 18-июлда түшкү жана кечки тамактануу үчүн аэропорттун аймагындагы «Экипаж» ашканасында даярдалган муздак куксиге ууланышкан.

Кайрылгандардын сегизи ооруканага жаткырылып, эки киши амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ысык аба ырайынан улам тамак-аштын, ошондой эле, даяр тамактардын тез бузуларын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM