Биз менен байланышыңыз

Сапатсыз азык чыгарган Kav&Kev ишканасына айып салынды

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 2090 | 0

Бишкектин санитардык экологиялык көзөмөл борбору Kav&Kev ишканасына сапатсыз продукция чыгарганы үчүн 7,5 миң сом айып салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучулары Kav&Kevдин сэндвич азыгында курт-кумурска жүргөнүн айтып чыгышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө сэндвичте курт табылган эмес. Деген менен компаниянын токоч чыгаруучу жабдуулары талаптагыдай болгон эмес. Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишканага айып салынган, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM