Бишкектин санитардык экологиялык көзөмөл борбору Kav&Kev ишканасына сапатсыз продукция чыгарганы үчүн 7,5 миң сом айып салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы бүгүн билдирди.
Социалдык тармактын колдонуучулары Kav&Kevдин сэндвич азыгында курт-кумурска жүргөнүн айтып чыгышкан.
— Текшерүүнүн жүрүшүндө сэндвичте курт табылган эмес. Деген менен компаниянын токоч чыгаруучу жабдуулары талаптагыдай болгон эмес. Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишканага айып салынган, — деп айтылат билдирүүдө.