Биз менен байланышыңыз

Айдоочуларга жакшы жаңылык! Айып пулдун өлчөмү азаят. Бирок…

Коом | 13 Сен 2019 | 2269 | 0

Мас абалында унаа башкаргандардын айып пулун 100 миң сомго чейин көтөрүү керек. Бул сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу берди. Ал кээ бир айдоочулар үчүн ичкилик ичип унаа башкарып, 17 миң сом айып пулду төлөө кеп болбой калганын мисалга алды. Мындан сырткары, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы «Коопсуз шаар» долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, «Долбоор өз максатына жеттиби?» деген суроонун тегерегинде жыйын өткөрдү.  

«Коопсуз шаар» долбоорундагы айрым айып пулдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бул сунуш «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында каралып, долбоордун кетирип жаткан кемчиликтери тууралуу да кеп козголду. Депутат Алтынбек Жунус уулу: «Башка мамлекеттерден келген унааларды тез арада каттоого алып, мыйзамды одоно бузгандар айдоочулук күбөлүгүнөн четтетилиши керек», — деген сунуш киргизди.

17 миң сом айып пул ичимдик ичип унаа айдап кармалгандар үчүн аздык кылат. Мас айдоочулардын кесепетинен канчалаган адамдар өлүп, оор абалга түшүп, ден соолугунан ажырап калган учурлар болууда.

Патрулдук милиция 1-октябрдан тарта ишин баштайт. Бул маалыматты вице-премьер-министр Жеңиш Разаков берди. Анын айтымында, аталган кызматка 871 орун каралган. Ушул жылдын июль айында кызматка 356 кызматкер кабыл алынган жана алар бүгүнкү күндө атайын окуудан өтүп жатат. Мындан сырткары, жол эрежесин бузгандар үчүн өзгөртүлгөн айып пулдарга токтолду.

— Элден жана эл өкүлдөрү тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорунда көрсөтүлгөн айрым айып пулдардын көлөмүн азайтуу сунушталган. Бул иш боюнча ИИМ тарабынан тийиштүү мыйзам иштелип чыгып, август айында ченемдик-укуктук актылар, сот-укуктук реформасы боюнча кабыл алган чечимдер талдоонун негизинде колдоого алынды. Эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пул 3 миң сомдон 1000 сомго азайтылат.

Ал эми Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов элдин суранычы менен жолдо жүрүү эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатканын айтты. Атап айтканда, учурдагы саатына 90 чакырым ылдамдык эрежеси 110 чакырым ылдамдыкка көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле, бул иште кандай кыйынчылыктар бар экенин да санап берди.

— Жолдо жүрүү эрежесинде жогорку ылдамдык саатына 90 чакырым болсо, ал көрсөткүчтү 110 чакырымга көтөрүү каралып жатат. Бул нерсени өзгөртүү оңой эмес, бирок иштеп чыкса болот. Андагы жол тилкелерди кайрадан жасоо жана шарттарды ылайыкташтыруу керек.

Финансы министринин орун басары Марлен Аманкадыровдун берген маалыматы боюнча, «Коопсуз шаар» долбоорунан жалпы 274 млн сом топтолгон. Чогулган каражат Бишкек мэриясына, транспорт министрлигине жана УКМКга бөлүнөт. Бирок бул бүгүнкү күндө ишке ашырыла элек.

— «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражат тиешелүү тармактарга бөлүнөт. Маселен, Бишкек мэриясына 25 %, жол министрлигине 15 % деп бөлүнгөн. Бирок учурда бардык сумма чогулбагандыктан, кармалып турат. Ошон үчүн биз так сумманы айта албайбыз. Анткени, анын баары чогулган каражаттан көз каранды.

Жыйынтыктап айтсак, учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айып пулдарга өзгөртүү киргизүү пландары иштелип жатат. Мунун негизинде, айрым айып пулдар төмөндөп, айрымдары тескерисинче мурдагыдан да көтөрүлүшү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM