Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айланасында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду (тизме)

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 516 | 0

Бишкек шаарынын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди.

Посттордо калаага кирип жаткан адамдардын температурасы текшерилет, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЧР-тест алууга укуктуу.

Мэрдин айтымында, Бишкектин аймагындагы бардык субъекттер санитардык эрежелерди (беткап тагынуу, колдорду дезинфекциялоо, коомдук жайларда 2 метрден кем эмес аралыкты кармоо) так сактоого зарыл.

Бишкек шаарынын периметри боюнча орнотулган блокпосттор:

1. «Азамат» унаа базары – Айланма жол;

2. Айланма жол/ «Фрунзе» чарбасы;

3. Васильевский тракт/ Айланма жол («Ак-Жол»);

4. Пригородное айылы – Айланма жол;

5. Айланма жол – Маевка айылы (тегеренме жол);

6. Айланма жол – Теңдик калктуу конушу;

7. Айланма жол – Кыргызстан көчөсү (Ала-Арча);

8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;

9. Айланма жол – Дордой;

10. Айланма жол – Ибраимов көчөсү;

11. Айланма жол – Алма-Ата көчөсү;

12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);

13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;

14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;

15. Тоолу Маевка айылы;

16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

Copyright © 2017 Maral FM