Биз менен байланышыңыз

Баткендин экс-губернатору чек ара боюнча президентке кайрылды [видео]

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июл 2019 | 3491 | 0

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов «Марал» радиосунун түз эфири аркылуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анда Баткендеги чек ара көйгөйлөрү боюнча жасалган иштери тууралуу маалыматтарын, программаларын сунуш кыларын билдирди.

«Урматтуу, Сооронбай Шарипович, мени кабыл алыңыз. Мен Баткенде губернатор болуп иштеп турганда, аныктаган маселелеримди, жасаган иштеримди жана программаларымды сунуштайт элем. Мен Сизден эч кандай жумуш сурабайм. Болгону жасаган аракетим Кыргызстандын коопсуздугу үчүн болмокчу. Ушул жаатта эксперт катары салым кошсом деген үмүтүм бар», — деди Султанбай Айжигитов.

Ошондой эле, атайын программа түзүп, Финансы министрлигине бергенин, ал боюнча эч кандай аракет болбогонун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM