Биз менен байланышыңыз

Москвадагы концерттин өтпөй калганы боюнча Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасады

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 921 | 0

20-июлга белгиленген Кыргыз эстрада жылдыздарынын жана сатира чеберлеринин катышуусунда Москванын «CROCUS CITY» концерттик залында боло турчу концерттин өтпөй калганы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, биринчи жолу сатира жана юмор кечеси үстүбүздөгү жылдын 22-июнуна пландаштырылып, белгисиз себептер менен 20-июлга жылдырылган. Тилекке каршы, бул күнү да концерт өткөн эмес.

Элчиликтин маалымат кызматы мындай жагымсыз окуя иш-чараны уюштуруучулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам жаралганын белгиледи. Ошол эле учурда, иш-чаранын негизги уюштуруучусу Адина Турдубаева Орусиянын жараны болгондуктан, Орусиянын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын билдирди.

Ал эми Адина Турдубаева өзү концертти өтпөй калышын билеттердин сатылбай калышы менен түшүндүргөн.

«Мен 10 жыл Кыргызстанда түрмөдө отуруп, ушул жылдын башында чыктым. Бул концертти өткөрүү менен мен өзүмдүн ким экендигимди таанытайын дегем. Ар кандай себептерден улам концерт өтпөй калганына кечирим сурайм«, — деген Турдубаева.

Copyright © 2017 Maral FM