Биз менен байланышыңыз

Сууга аккан чек арачыны издөө уланууда

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 436 | 0

Жалал-Абад облусунда сууга аккан чек арачы табыла элек. Аны издөө иши улантылып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

19-июлда облустун Чаткал районундагы Найза-Сай айылында Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн чек арачы Б. Н. уулу сууга агып кеткен. Тоодон ылдый түшүп келаткан аскер кызматкери тайгаланып, дарыянын шар аккан жерине кулаган.

Аны издөөгө кошуна Өзбекстандын чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакындан жардам көрсөтүп жатат.

Кырсык боюнча Аскер прокуратурасына маалымдалган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги издөө иштерин тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Copyright © 2017 Maral FM