Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети түзүлдү

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 441 | 0

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү комитети түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин белгилегендей, Талас облусунда боло турчу Улуттук көчмөндөр оюндарын сентябрь айында өткөрүү мерчемделүүдө.

Мунун негизинде, тиешелүү мамлекеттик органдарга мекемелер аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоору, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды. Белгилүү болгондой, оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында, ал эми спорттук бөлүгү — Райкан Алканов атындагы облустук ипподромдо өтөт.

Учурда  Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM