Биз менен байланышыңыз

I жырым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 540 | 0

Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, ушул жылдын январь – июнь айларына карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары төмөндөгүдөй:

-ИДПнын өсүшү 6,4% түздү, бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилинен 6,1 пайыздык пунктка жогору, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 232,6 млрд сом деңгээлинде түзүлдү;

-Керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 0,3 % түздү;

-Доллардын эсептик курсу 2018-жылдын июнь айынын аягына карата 1,93 пайызга жогорулап, ушул жылдын июнь айынын аягында 69,4928 сом долларын түздү;

-Өндүрүштүк өнүмдөрдү өндүрүү, реалдуу алганда, 19,7 пайызга көбөйдү, бул өсүш кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн – 24,2%, пайдалуу кендерди казып алуудагы — 31,0% өсүштүн эсебинен болду. Энергетика сектору – 3,1 пайызга төмөндөдү. Өнөр жайда, «Кумтөрдү» эске албаганда, 4,2 пайызга төмөндөө болду (2018-жылдын январь — июнунда өсүш 9,8 %);

-Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 1,6 пайызды түздү (2018-жылдын январь — июнунда өсүш 1,7 пайызды түзгөн);

-Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 6,4 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь — июнунда өсүш 6,6%);

-Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2,0 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 2,7 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь — июнунда өсүш 3,5%).

-Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 59 992,0 млн сомду, өсүш 1,7 пайызды түздү (2018-жылдын январь — июнундагы өсүш 1,1 % түзгөн).

-Инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 5,5 пайызга көбөйдү (2018-жылдын январь — июнунда 1,6% өсүш болгон).

-Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 5,9 пайызга өсүп, 47 млрд 288,4 млн сомду түздү (2018-жылдын январь — июнунда 3,1% өсүш болду).

-Расмий катталган жумушсуздардын саны 82,7 миң адамды түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,0 пайызга өскөн (2018-жылдын январь — июнунда 4,9% өсүш болгон).

-Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 4,3 пайызды түздү, номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 16 020 сом деңгээлинде түзүлдү.

-Тышкы соода жүгүртүү 2 млрд 693,2 млн долларды түзүп, 2018-жылдын январь — майына салыштырмалуу 2,6 пайызга азайды, анын ичинде экспорт – 727,6 млн доллар (3,7 пайызга өсүү), импорт – 1 млрд 965,6 млн долларды (төмөндөө 4,7 пайызга) түздү.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 1 млрд 238,0 млн долларды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM