Биз менен байланышыңыз

Кытайда заводдогу жарылуудан 10 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 479 | 0

Кытайдын Хэнан провинциясындагы газ иштетүүчү заводдогу жарылуудан 10 киши каза болду. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 19 адам оор жаракат алып, 5 киши дайынсыз жоголгон. «Синьхуа» агенттиги  билдиргендей, Саньмэнься шаарындагы фабрикага аба бөлүштүргүчтү орнотуу учурунда жарылуу болуп, анын күчтүү толкуну имараттын терезелерин талкалап кеткен.

Июндун аягында да Хенан облусунда биотехнологиялык ишканасында ушундай жарылуу орун алып, анын кесепетинен беш киши иш ордунда көз жумса, бирөө ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM