Биз менен байланышыңыз

Азизбек Замирбек уулу пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алды

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 451 | 0

Кыргызстандык спортчу Азизбек Замирбек уулу жаштар арасында өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Мындай чечим башкы машыктыруучу Аднан Жабралиевдин жазган апелляциясынын негизинде калыстар тобунун кайра карап чыгуусунан соң чыккандыгын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган чемпионат 12-20-июль күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп, Азизбек Замирбек уулу 54 килограмм салмакта күч сынашып, биринчи аракетинде 80 килограммдык штанганы көтөрө албай, экинчи берилген мүмкүнчүлүгүндө гана көтөрүп кеткен. Ал эми үчүнчү аракетинде 89 килограммды көтөрүп, 88 килограмм көтөргөн америкалык спортчудан ашып кеткен. Бирок калыстар Замирбек уулунун бул жыйынтыгын эсептебей,  протоколдук жыйынтыкта ал 4-орунду ээлеген.

Калыстардын эпизодду кайра башынан карап чыгып, эч кандай эреже бузуу табылган эмес. Жыйынтыгында Азизбек Замирбек уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду.

Аталган чемпионаттын алкагында чоңдор арасында  Токиодо өтүүчү Паралимпиадалык оюндарына 10дон ашуун лицензия ойнотулду. Ага Кыргызстандын курама командасынан Максат Аргымбаев, Жыргалбек Оросбаев жана Адилет Камчыбековдор катышып, бирок чакырууга ээ боло алышкан жок.

Мелдешке катышуу үчүн Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 1 млн 32 миң акча каражаты бөлүнгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM