Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда сууга аккан аскер кызматкери табыла элек

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 528 | 0

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Найза-сай айылында Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн чек арачы Б.Н.уулу сууга агып кетти.

Аны издөө иши уланып жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Окуя кечээ катталган. Тоодон ылдый көздөй түшүп бараткан аскер кызматкери буту тайгаланып, дарыянын шар аккан жерине кулаган.

Аны издөөгө кошуна Өзбекстандын чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакындан жардам көрсөтүп жатат.

Кырсык боюнча Аскер прокуратурасына маалыымдалган.

Мамлекеттик чек ара Кызматынын жетекчилиги издөө иштерин тыкыр көзөмөлгө алып турат.

Издөө иштери улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM