Биз менен байланышыңыз

Азиз Суракматов менен түрк ишкери меморандумга кол коюшту

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 368 | 0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Түркиянын «Анадолу групп» холдингинин жетекчиси Тунджай Озильхан автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тунджай Одильхан 1,6 млрд доллар байлыгы бар белгилүү түрк ишкери болуп саналат.

Ал муниципалитетке заманбап автобустарды жылына 1,7 пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле, төлөө мөөнөтүнүн 3 жылын жеңилдетип берүү боюнча сунушун айткан.

Муниципалитет жаратылыш газы менен жүргөн 500гө жакын  чоң автобус сатып алууга ниеттенип жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM