Биз менен байланышыңыз

«Лексус- GX-470» унаасын аткезчилик жол менен ташыган факт аныкталды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 548 | 0

Араван жана Ноокат райондук Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына кымбат баалуу унааларды жасалма документтер менен алып келген коррупциялык схема аныкталды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Кыргызстанга адегенде «Лексус- GX-470» үлгүсүндөгү унаанын жасалма документтери келген.

Андан соң кылмышты жашыруу максатында аталган унааны бир канча жолу Транспорт каражаттарын каттоо департаментине жана Мамлекеттик каттоо кызматына каттатышкан.

2008-жылы чыккан бул «Лексус- GX-470»  унаасы учурда айып аянтчасына киргизилди.

Алдын ала эсептөөлөөр боюнча аталган унааны алып келүүдө бюджетке 1 млн 700 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факт боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM