Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында калкты тейлөө борбору ачылды

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 552 | 0

Бүгүн, 19-июлда Ош шаарынын «Манас Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов, ишкана жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземде шаар башчысы бул жаңы калкты тейлөө борбору Ош шаарынын жана Ош облусунун жашоочуларын тейлей ала тургандыгын, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

«Бул жерде күнүнө болжол менен 1000 адам тейленет. Экинчи калкты тейлөө борбору Ош шаарындагы 1-калкты тейлөө борборунун ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет жана келген жарандар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деди шаар башчысы.

Ошону менен бирге, «Западный» кичирайонундагы калкты тейлөө борборунун ачылышына жардам көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында Ошто жарандарга 20 миң паспорт берилди.

Copyright © 2017 Maral FM