Биз менен байланышыңыз

«Бишкек Асфальтсервистин» унаа сүзүп кеткен кызматкери көз жумду

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 472 | 0

5-июлдан 6-июлга караган түнү Абдырахманов-Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде мерчемделген иштерди аткарып жаткан «Бишкек Асфальтсервис» мамлекеттик ишканасынын 1974-жылы туулган К. З. аттуу кызматкерин унаа сүзүп кеткен. Тилекке каршы, хирургиялык операциядан соң, оор абалда калган кызматкер көз жумду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, унааны башкарган 1995-жылы туулган жаран болгон, жана ал өзүнүн түшүнүк катында телефонго алаксып кеткенин айткан.

«Бишкек Асфальтсервис» мамлекеттик ишканасынын кызматкери № 4 шаардык ооруканада оор абалда жатып көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM