Биз менен байланышыңыз

Аманбай Кайыпов: Солтон-Сарыда иш токтогон жок

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 367 | 0

Солтон-Сарыдагы алтын казуу иши токтотулган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Солтон-Сарыны жайлаган эл алтын казган компаниянын ишин токтотуу талабын коюшуп, 5 күн убакыт берген. Бул убакыт аралыгында комиссия өз жыйынтыгын чыгарышы керек.

Солтон-Сары кенин иштеткен «Жонжу Майнинг« компаниясынын 2 лицензиясы бар. Биринчисин 2009-жылы чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча алган, экинчисин 2013-жылы кен казуу үчүн алган.

Кендин балансында 12 тонна алтындын кору бар. Чалгындоо үчүн 1, 5 миң гектар, ал эми кен казууга 44 гектар аянт бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө аталган компания тарабынан фабрика салуу, жол салуу, жумушчулар шаарчасын куруу иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM