Биз менен байланышыңыз

Нарын облусу: Кайыпов кетти, Алымкулов дайындалды

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 760 | 0

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жана Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэрлигинен бошотулуп, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган Өкмөттүн өкүлүн жамаатка вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM