Биз менен байланышыңыз

Аманбай Кайыпов жаңы кызматка барды

Кыска кабар | 6 Сен 2019 | 883 | 0

Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин аркалап келген Жыргалбек Сагынбаев берген арызына ылайык, кызматынан бошотулган. Аманбай Кайыпов буга чейин Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган. Бүгүн, 6-сентябрда кызматтан алынганы маалымдалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM