Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Кувейтте даңкталды

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 373 | 0

Кувейтте Кыргызстандан өндүрүлгөн экологиялык таза мөмө-жемиштердин фестивалы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти кабарлады.

Иш-чараны Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги ата мекендик азыктарды жайылтуу максатында уюштурган.

Фестивалда коон, малина, кулпунай, буурчактан салат, таттуу абрикос менен өрүк, алма жана алмуруттан жасалган фиточай жана кыргыз сыры дасторкондун көркүн ачкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө кувейттик ишкерлер Кыргызстандагы өндүрүлгөн экологиялык таза мөмө-жемиштерди сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген.

Фестивалга «Lulu hypermarket», «B2B Foodstuff Company W.L.L.» сыяктуу мөмө-жемишти импорттоочу ири компаниялар, дүң соода тармактары, соода борборлордун башчылары, Кувейттин ЖМКлары чакырылган.

Расмий ачылыштан соң Кыргызстандын инвестициялык, туристтик жана экспорттук дараметин даңазалаган видеоролик көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM