Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Кувейтке экспорттолот

Кыска кабар | 19 Фев 2019 | 690 | 0

Кувейттин борбор шаары Эль-Кувейтте экинчи кыргыз-кувейт бизнес-форуму болуп өттү. Форумга 30дан ашуун кыргызстандык ишкерлер катышты. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агентигинен кабарлашты.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агентигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулу форумда сөз сүйлөп, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн  Кыргыз-Кувейт аба каттамын ачуу керектигин баса белгиледи.

Бизнес-форумда ата-мекендик азыктардын жармаркеси болуп, ага кыргызстандык бир катар компаниялар өз өндүрүмдөрүн сунушташты.

Кыргыз-кувейт форумунун аягында бир катар кувейттик ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн бир канча товарларды мындан ары импорттоп туруу боюнча сүйлөшүштү.

 

Copyright © 2017 Maral FM