Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кафедеги өрттө иске уулангандар ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 481 | 0

Кечээ Бишкектин Жаш Гвардия булварындагы ресторандан чыккан өрттөн 4 киши иске ууланып, анын үчөө ооруканага жаткырылды. Абалдары туруктуу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Жаш Гвардия бульварында жанаша жайгашкан «Али-Хан» кафеси, «Асема» сулуулук салону жана «Портфель» дүкөнү, жалпысынан 780 чарчы метр аянттагы имарат өрттөнгөн.

Кырсык боюнча ӨКМге саат 16:21де маалымат келип түшкөн. Өрт саат үч жарым саатта толук өчүрүлгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана штаб тартылган. Мындан сырткары, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Кризистик кырдалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, шаардык суу канал муниципалдык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, медициналык «Тез жардам» кызматынан 2 бригада, милициядан 60 кызматкер, ЖКККББдан 2 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада жардамга келген.

Copyright © 2017 Maral FM