Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков мамлекеттик ЖМКнын ишине нааразычылык айтты

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 733 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштер боюнча соттолуп жаткандар тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары бейтарап чагылдырбай жатканына нааразычылык билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук териштирүүдө айтты.

Анын айтымында, мамлекеттик ЖМКлар соттук териштирүүнүн күбөлөрдү суракка алган бөлүктөрүн гана чагылдыруу менен айыпталуучуларды алдамчы катары көрсөтүүгө аракеттенип жатышат.

«Биз тергөөгө дайыма өз маалында келип, сурактан эч качан качкан эмеспиз. Мамлекеттик органдар эмне себептен мындай кадамга барып жатат? Мен мамлекеттик органдардын мындай аракетине нааразычылык билдирем, бул туура эмес, адам укугун бузуп жатат. Жалпылап алганда, мамлекеттик ЖМКларда соттук териштирүүдөгү суракта күбөлөрдүн көрсөтмөсү берилген бөлүгү гана чагылдырылып жатканына көңүл бургум келет», — дейт Сапар Исаков.

Экс-премьер-министрдин жактоочусу ЖМКлар чагылдырган маалыматтар мамлекеттик айыптоочулардын жана судьянын пикирине таасир бериши ыктымал экенин кошумчалады.

Муну менен бирге, күбө катары мурдагы Экономика министри Олег Панкратовду жана экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди да чакыруу өтүнүчү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM