Биз менен байланышыңыз

Антонов: АКШ Орусияга каршы виза согушун баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 517 | 0

Вашингтон Орусия дипломаттарына каршы «виза согушун» жандандырды. Мындан Орусиядагы америкалык дипломаттар да зыян тартышы мүмкүн. Мындай пикирин журналисттерге Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирген. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазды.

Буга чейин «New York Times» басылмасы Орусия Москвада англоамерикалык мектепте иштеген 30 мугалимге виза берүүдөн баш тартканын жазган. Мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министри четке каккан. Бул АКШ бийлигинин дагы бир чыр жаратуу амалы деп атаган.

Антоновдун айтымында, 2018-жылы апрель айында 60 орус дипломатына жана алардын үй-бүлөсүнө виза берүүдөн баш тартып, жалпы 200дөй орус жараны АКШдан чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM