Биз менен байланышыңыз

Ажыга баргандардын алгачкы тобу Мединага жетти

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 470 | 0

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына аман-эсен жетип алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчыларды Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлү Султаналы ажы Гапыров тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырды.

Белгилей кетсек, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу «Манас-2» элралык аэропортунан Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учушкан.

Зыяратчылардын алгачкы тобун узатуу салтанат менен коштолуп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев,  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилиги катышкан.

Эскерте кетсек, ажылардын алгачкы тобунда 392 зыяратчы, 8 ажы башчы бар.

Copyright © 2017 Maral FM